Мазмунга өтүү
Кыргыз альпинизм музейи
Кадыр Сайдилкан
Инсандар

Кадыр Сайдилкан

р. 1974

Кадыр Сайдилкан (Нурмаматов Кадыракун Сайдилканович) — альпинизм менен 2019-жылдан баштап алектенет. Килиманджаро чокусуна (5895 м) 2020-жылдын жаңы жылга караган түнү көтөрүлгөн. Кадыр «Жети чоку» (жети континенттин ар биринин бийик чокуларына чыгуу: Эверест (8848 м, Азия), Аконкагуа (6962 м, Түштүк Америка), Денали (6190 м, Түндүк Америка), Килиманджаро (5895 м, Африка), Эльбрус (5642 м, Европа), Винсон массиви (4892 м, Антарктида), Косцюшко (2228 м, Австралия)) долбоорунун 7 чокуга чыккан биринчи кыргызстандык болуп саналат. Кошумча Карстенс пирамидасына көтөрүлгөн (же Пунчак Жая, 4884 м, Жаңы Гвинея). Ошондой эле, Кадыр Сайдилкандын эсебинде Манаслу (8163 м, экспедициянын демилгечиси жана жетекчиси), Лобуче (6145 м), Ама-Даблам (6812 м), Лхоцзе (8516 м), Монблан (4810 м) чокуларына чыгуулар бар.