Инсандар
Михаил Даничкин
р. 1981
Михаил Александрович Даничкин — альпинизм боюнча КР эл аралык класстагы спорт чебери, «Кышкы ак илбирс», 2021-жылдан Кыргызстан тоо гиддеринин ассоциациясынын президенти, IFMGA’нын тоо гиди, 2024-жылдан баштап Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын улук машыктыруучусу.
«Политехник» секциясынын (А. Губаевдин жетекчилигинде) тарбиялануучусу. С. Селиверстов жана С. Дворниченко менен чокуларды багындырган. 2008-жылы спорт чеберине талапкер наамына ченемдерди аткарып, бирок наам 3 жылдан кийин ыйгарылган. «Кышкы ак илбирс» программасына катышып (демилгечиси — Сергей Селиверстов), № 3 «Кышкы ак илбирс» болгон. 2019-жылы К2ге кышкы чокуга чыгууга катышкан (экспедиция 7465 м бийиктикке жетип, артка кайткан).