Мазмунга өтүү
Кыргыз альпинизм музейи
Рысгул Акимжанова
Инсандар

Рысгул Акимжанова

р. 1980

Рысгул Абдыманаповна Акимжанова — КР Эмгек сиңирген ишкер айымы, «Бай Элим Компани» ЖЧКнын негиздөөчүсү. Тоолорго алып чыгуучу «Ден соолук» аялдар тобун жетектейт. Ала-Арчада Мугалим (4530 м), Бокс (4298 м), Рацек (3980 м), Таажы (4860 м) ж.б. түрдүү чокуларга чыккан. 2025-жылдын май айында Эверест чокусуна (8848 м) чыгып, бул чокуга чыккан кыргызстандык экинчи аял болуп калды. Ошондой эле, Рысгүл Килиманджаро (5895 м, Африка) жана Каллапаттар (5643 м, Непал) чокуларын багындырган.

Байланыштуу чокулар жана жерлер