Хан-Теңири чокусуна биринчи ийгиликтүү чыгуу (1931)
05 май 2026
1931-жыл – Хан-Теңири чокусуна түндүк-батыш капталы аркылуу М. Погребецкий, Б. Тюрин, Ф. Зауберер тарабынан биринчи ийгиликтүү чыгуу.
М. Погребецкийдин экспедициялары
1929-жыл – М. Погребецкийдин Хан-Теңири чокусуна жасаган биринчи экспедициясы. Мерцбахер көлү аркылуу Түндүк Инылчек боюнча чалгындоо жүрүшү. Бул жүрүш маалында экспедиция басмачылардын кол салуусуна туш болгон.
1930-жыл – М. Погребецкийдин Хан-Теңири чокусуна жасаган экинчи экспедициясы. Түштүк Инылчек боюнча чалгындоо маршруту. Чокунун чыгыш тарабы биринчи жолу көрүлгөн.
1931-жыл – Хан-Теңири чокусуна түндүк-батыш капталы аркылуу үч катышуучу: М. Погребецкий, Б. Тюрин, Ф. Зауберер тарабынан биринчи ийгиликтүү чыгуу.
Биринчи кыргызстандыктар
1962-жылы Хан-Теңириге Үчүнчү казакстандык экспедиция өткөрүлүп, анын курамына Кыргыз ССРинен эки альпинист — Ольгерд Ленгник жана Алексей Страйков кошулган. Экөө тең Хан-Теңириде болгон биринчи кыргызстандыктар болуп калышкан.
1971-жылы Хан-Теңири чокусуна чыккан биринчи кыргыздар болуп Мамасалы Сабиров жана Сергей Адаманов эсептелген, алардын чыгуу убактысынын айырмасы 1 күн болгон.
1988
Кыргызстандын альпинисттери арасындагы Хан-Теңири чокусуна эң көрүнүктүү чыгуу 1988-жылдын август айында чыгыш дубалдын борбору боюнча биринчи жолу маршруттан өтүү болгон (татаалдык категориясы – 6Б). Команданын курамы: Е. Дармин, В. Королев, А. Калашников, В. Салфетников, В. Шпег, Г. Губер. Чыгуу 12 күнгө созулган. Команда бийиктик классы боюнча СССРдин альпинизм чемпионатында 3-орунду ээлеген.