Мазмунга өтүү
Кыргыз альпинизм музейи
Тик учакчылар

Тик учакчылар. 180-учуучу кошуун

22 июль 2026

Тик учакчылар. 180-учуучу кошуун

Кыргызстандын бийик тоолуу авиациясы: 180-учуучу кошуундун учкучтары экспедицияларды жети миңдиктерге ташып, жабыркагандарды эвакуациялап, Тянь-Шань менен Памирде бир нече жолу «коргоочу периште» болушкан.

Кыргызстандын бийик тоолуу альпинизминин тарыхы тик учак авиациясынын тарыхы менен тыгыз байланышта. Памир менен Тянь-Шань тоолорундагы дээрлик бир дагы ири экспедиция тик учактардын жардамысыз өткөн эмес. Алар адамдарды жана жүктөрдү жетүү кыйын болгон базалык лагерлерге жеткирип, оорулууларды жана жабыркагандарды эвакуациялап, издөө-куткаруу операцияларына катышкан, ошондой эле башкаларды куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып иштешкен.

Кыргызстандагы тик учактардын доору 1958-жылдан башталып, Кыргызстандын тик учак авиациясынын негиздөөчүсү Борис Мирошхин менен тыгыз байланыштуу. Ми-4 тик учагына 3500 метрге чейинки бийиктикке гана конууга чектөө коюлгандыгына карабай, куткаруу иштеринде биринчи жолу Ми-4 тик учагын 4200 метр бийиктиктеги Хан-Теңири чокусунун базалык лагерине кондурган. Кыргызстандын тик учакчылары альпинисттик жана геологиялык экспедицияларда куткаруу иштерин жана жүк ташууларды камсыздоодо тик учактарга нускамада жол берилген мүмкүн чектерден бир нече жолу ашып учууга аргасыз болушкан. 1964-жылы Фрунзе шаарында жайгашкан жарандык авиациянын 180-учуучу кошууну негизделген. Б. М. Мирошхин эмгек жолунда А. К. Попадейкин, А. Н. Букин, Б. Н. Шевченко, Л. В. Безденежных, А. Ф. Бубликов, Я. М. Шингарев, М. В. Липкин, Б. И. Бондарчук, Л. Н. Вересов, И. Ф. Алексеенко, М. Бобуревич, А. Панферов сыяктуу өз ишин татыктуу улантуучуларды тарбиялаган. Жаңы Ми-8 тик учактары 180-учуучу кошуунда 1970-жылы пайда болгон, бирок акыркы Ми-4 1983-жылга чейин колдонулган. Күчтүү Ми-8 тик учагынын пайда болушу менен алардын жүктөмү көбөйүп, аны менен кошо Е. А. Цирулин, В. Овчаренко, В. Сергиенко, В. Качер, В. Шишкин, А. Макеев жана башкалар өңдүү кесипкөй адистердин жаңы тобу пайда болгон.

Ми-4 тик учагы Жеңиш чокусунун этегинде

Джангиров Рашид «Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер» наамына татыктуу болуп, «Эмгек ардагери» жана «Эрдик» медалдары менен сыйланган. Алексей Кочарыгин альпинисттик экспедициялардын ишин камсыз кылуудан тышкары, Ленин чокусундагы Липкин аскасынан Р-5 учагынын калдыктарын түшүрүү жана эвакуациялоо боюнча уникалдуу операцияга катышкан. Владимир Сергиенко менен Евгений Цирулин Ми-4 тик учагына ашыкча жүк жүктөөгө жол берген бирден бир учкучтар болгон. Ал эми 1979-жылы Сергиенко Ооганстанда Ил-76М учагы бортунда 47 адамы менен аскага урунганда куткаруу операциясына катышкан.

Вячеслав Овчаренко эң бийик дегенде 6000 метрге уруксат берилген Ми-8 тик учагы менен 6200 метр бийиктиктеги ашууларды учуп өткөн. 80-жылдардын аягында ал Непалда, анын ичинде Эверест чокусуна жүк ташуу жана куткаруу иштеринде иштеген. Ал Непалда иштегендиги үчүн «Эмгек Даңкы» ордени, «Эмгек ардагери» медалы, «Аэрофлоттун мыктысы» жана «Непал ордени» менен сыйланган.

Владимир Колесников — Сергиенконун шакирти, узак убакыт бою жети миң метр бийиктиктеги альпинисттик лагерлерде, анын ичинде 1990-жылы Жеңиш чокусуна чыккан кышкы экспедицияда тик учак менен иштеп, ал эми 1993-жылдан тартып Непалда эмгектенген. Ал көптөгөн экспедициялардын, анын ичинде эң көрүнүктүү: Эверест (2004, түндүк капталынын борбору боюнча чыгуу), Ортоңку Лхоце (2001, багынбаган акыркы сегиз миң метр бийиктикке чыгуу) экспедицияларынын ишин камсыз кылып, чегинен ашып 5650 м бийиктикке конгон.

Ооган согушунун ардагери, Джангировдун жана башка көптөгөн учкучтардын шакирти Шаимбек Каразаков 2011-жылы Чапаев чокусунун капталына (6127 м) 5900 м бийиктикке конуп, жабыркаган альпинистти эвакуациялаган. Владимир Верещагин Фрунзе-1 тик учак полкунда (КР Куралдуу Күчтөрү) кызмат өтөп бүтүп, туристтик табыштамалар боюнча көптөгөн учууларды, анын ичинде 5300 метр бийиктиктеги Чапаев чокусунун капталында куткаруу операциясын аткарган. 2022-жылдан 2023-жылга чейин Непалдагы экспедицияларда иштеген.

Александр Паршуков — 1-класстагы аскердик учкуч-нускоочу, тик учактын учкучу катары кеңири географияга ээ (Тянь-Шань, Ооганстан, Индия, Мьянма, Ладакх, Конго, Гиндукуш). Ал Индиянын жарандык авиациясынын башкы директорунун экзаменатору болгон. Анын эсебинде тик учак менен гана эмес, учак менен да учуу сааттары, ошондой эле 900дөн ашык парашют менен секирүүлөр бар. Юрий Храмушин — Хан-Теңири, Ленин, Жеңиш чокуларында ондогон экспедицияларды башынан аягына чейин тик учак менен коштогон учкуч. Анын акыркы издөө-куткаруу учуусу 2004-жылдын жазында Нарын облусунда болуп, трагедиялуу аяктаган — учкуч өз милдетин аягына чейин аткарып жүрүп каза болгон.

2003-жылы Ала-Арчада жайгашкан альплагердеги эки жүздөй альпинисттин жана эс алуучулардын жолун бууган, шаар тургундарынын дачасында жыйырмадан ашык үйдү жууп кеткен күчтүү сел жүргөн. Василий Пащенко ошол күнү альплагерге 11 жолу жана «Кашка-Суу» турбазасына бир жолу учуп, 182 адамды жана 2 тоннага жакын жүктү эвакуациялаган.

Эркин Корея чокусунун этегиндеги тобокелдүү конуу

Тоолордо учуу түздүктүн үстүнөн учуудан айырмаланат. Тоолордун үстүнөн учуу үчүн учкуч кошумча даярдыктан өтөт. Тик учак учкучунун чеберчилик деңгээли уруксат берилген бийиктиктин чеги менен өлчөнөт. Уруксат берилген бийиктиктин чеги 1000 метрден башталып, андан кийин 2000 метрге, 3000 метрге уруксат берилет. Андан ары уруксат берүү деңгээли 500 метрден (3500, 4000, 4500 ж. б.) кошула баштайт. Канчалык уруксат берилген деңгээли жогору болсо, ошончолук экстрим да жогору болот. Кыргызстандын айрым тик учакчылары (В. Овчаренко, В. Гуков, В. Колесников, А. Паршуков, С. Лопатин ж. б.) 1993-жылы Непалда иштөө үчүн тандалып алынып, альпинисттик экспедициялардын ишин гана эмес, Непалдын обочолонгон айылдарына маанилүү жүктөрдү жана азык-түлүктөрдү жеткирүүнү камсыз кылышкан.

Кыргызстандын бийик тоолуу авиациясынын тарыхы — бул кайраттуулуктун, кесипкөйлүктүн жана жан аябаган эрдиктин тарыхы. Тоолордо учуунун ийгилиги экипаждын чеберчилигинен гана эмес, бат өзгөрүлмө аба ырайынан, абанын суюктугунан жана катаал рельефтен да көз каранды. Ар бир бийик тоолуу учкучтун артында ондогон татаал учуулар жана куткарылган өмүрлөр турат. Алар өз ысымдарын бийик тоолуу жарандык авиациянын тарыхына түбөлүккө жазуу менен бирге көптөгөн экспедициялар үчүн бир нече жолу «коргоочу периште» да болушкан.

  • Көчкү түшкөндөн кийинки куткаруу иштери
  • Вячеслав Овчаренконун экипажы Коммунизм чокусунун этегинде
  • Владимир Колесников. Непалдын обочолонгон айылдарына азык-түлүк жеткирүү
  • Юрий Храмушиндин тик учагы
  • Рашид Каримович Джангиров
  • Владимир Петрович Сергиенко
  • Шаимбек Каразаков
  • Владимир Колесников
  • Александр Паршуков
  • Юрий Храмушин
  • Владимир Верещагин жана Бакыт Баталгазиев
  • Тик учакчылар. 180-учуучу кошуун
  • Тик учакчылар. 180-учуучу кошуун
  • Алексей Павлович Кочарыгин
  • Василий Макарович Пащенко
  • Юрий Иванович Храмушин
Көчкү түшкөндөн кийинки куткаруу иштери
1 / 16

Журналдан дагы