Ленин чокусу
7 134 м
1871-жылы Алексей Федченконун экспедициясы тарабынан чокунун аймагы изилденген. Чоку Кауфмандын урматына аталган. 1928-жылы советтик-германиялык илимий экспедициянын катышуучулары (Ойген Аллвейн, Карл Вин, Эрвин Шнейдер) тарабынан биринчи чыгуу жасалган, анын жүрүшүндө чоку Лениндин урматына кайра аталган. 2006-жылы Тажикстан бул чокуну Ибн Синанын урматына кайра атаган.
1937-жылы учкуч Михаил Липкин Ленин чокусунун алдындагы аскаларга 5200 м бийиктикте авариялык конуу жасаган. Учак конгон жердеги аскалар учкуч Липкиндин урматына аталган.
Бул жер тууралуу макалалар
03 июль 2026
«Кышкы ак илбирс» долбоору
Сергей Селиверстовдун демилгеси менен 2016-жылы кыш мезгилинде «Кышкы ак илбирс» долбоору старт алып, КМШнын жети миң метр бийиктиктеги чокуларынын бешөөнө тең чыгуудан башталган.
29 июнь 2026
«СКИФ» альпинизм секциясы
1976-жылы негизделген «СКИФ» секциясы Липкиндин аскаларынан өтүп Ленин чокусун багындырган (1978), Эркин Корея чокусуна «алтын» маршрут менен чыккан.
25 июнь 2026
«Спартак» альпинизм секциясы
«Спартак» секциясы 1973-жылы негизделген. Ленин чокусуна түштүк тараптан чыккан, Жеңиш чокусун (1981), Коммунизм чокусун (1983) багындырган, Рапасов чокусуна (6814 м, 1988) биринчилерден болуп чыккан.
21 июнь 2026
«Политехник» альпинизм секциясы
1969-жылы негизделген «Политехник» секциясы гүлдөп турган мезгилинде бүтүндөй республика боюнча эң ири секция болуп саналган.
18 июнь 2026
«Ош» альпинизм секциясы
1947-жылы негизделген секция Ленин чокусун (1960), Корженевский чокусун (6005 м, 1963), Кызыл-Агын чокусун (6679 м, 1963) жана башка көптөгөн чокуларды багындырган.
09 май 2026
Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү
П. П. Семенов-Тян-Шанский тарабынан берилген тоолуу өлкөнүн сүрөттөлүшү көптөгөн чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн жана альпинисттердин көңүлүн бурган.
03 май 2026
Ленин чокусу
1871-жыл – Алексей Федченконун экспедициясы тарабынан чокунун аймагы изилденген. 1960-жыл – Ленин чокусундагы алгачкы кыргызстандыктар.