Мазмунга өтүү
Кыргыз альпинизм музейи
Экспозиция

Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү

09 май 2026

Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү

П. П. Семенов-Тян-Шанский тарабынан берилген тоолуу өлкөнүн сүрөттөлүшү көптөгөн чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн жана альпинисттердин көңүлүн бурган.

П. П. Семенов-Тян-Шанский тарабынан берилген тоолуу өлкөнүн сүрөттөлүшү көптөгөн чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн жана альпинисттердин көңүлүн бурган. Борбордук Тянь-Шанга экспедициялар башталган:

  • 1864-жылы — Н. А. Северцовдун экспедициясы;
  • 1869-жылы — А. В. Каульбарстын экспедициясы;
  • 1876-жылы — А. Н. Куропаткиндин экспедициясы;
  • 1886-жылы — А. Н. Краснов жана И. В. Игнатьевдин экспедициясы;
  • 1889-жылы — венгриялык зоологдор Г. Альмаши жана Ш. Штуммер-Трауфельстин экспедициясы;
  • 1900-жылы — италиялык окумуштуулар жана альпинисттер Ч. Боргезе жана Г. Брохерелдин экспедициясы;
  • 1902–1904-жылдары — Томск университетинин ботаниги В. В. Сапожниковдун экспедициясы;
  • 1912-жылы — орус топографтарынын экспедициялары.

П. П. Семенов-Тянь-Шаньский (1827–1914)

Белгилүү россиялык географ, Тянь-Шандын биринчи европалык изилдөөчүсү. 1856–1857-жылдардагы экспедицияларында 20дан ашык тоо ашуусун басып өтүп, аймактын табигый шарттарын сүрөттөгөн жана Хан-Теңири чокусун биринчи жолу көргөн.

Н. М. Пржевальский (1839–1888)

Россиялык саякатчы жана Борбордук Азияны изилдөөчү. Монголияга, Түндүк Кытайга жана Тибетке беш ири экспедиция жүргүзгөн. Анын маршруттары европалыктар үчүн Азиянын аз изилденген аймактарын ачкан.

А. П. Федченко (1844–1873)

Памирди изилдөөчү, Кауфман (кийин Ленин) жана Корумду чокуларынын алгачкы ачылышын жасаган илимпоз. Памир мөңгүлөрүн илимий жактан изилдөөнүн негиздөөчүсү болгон.

Н. А. Северцев (1827–1885)

Зоолог жана саякатчы, Тянь-Шань аймагын изилдөөчү. Үч саякаттын жүрүшүндө зор зоологиялык коллекция топтоп, өзү өткөн аймактардын картасын түзгөн.

Н. Л. Корженевский (1879–1958)

Россиялык геолог жана Борбордук Азияны изилдөөчү. 1903-жылдан 1928-жылга чейин Памирге 11 жолу саякат жасап, 70тен ашык мөңгүнү изилдеген, Кауфман (Ленин) чокусун биринчи жолу чиймеге түшүргөн. Памирдеги жети миңдик чоку анын жубайы Евгения Корженевскаянын урматына аталган.

Готфрид Мерцбахер (1843–1926)

Кавказды жана Тянь-Шанды изилдөөчү. Хан-Теңири чокусуна эки жолу экспедиция уюштурган. Инылчек мөңгүсүн изилдеген. Инылчектеги көл анын ысымы менен аталган.

Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү
Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү
Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү
Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү
Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү
Тянь-Шандын алгачкы изилдөөчүлөрү

Журналдан дагы