Владимир Вакурин
р. 1956
Владимир Викторович Вакурин — альпинизм боюнча СССР спорт чебери, нускоочу, лыжа тебүү боюнча I разряддын ээси. «Политехник» секциясынын (А. Тустукбаевдин жетекчилигинде), андан кийин «Скиф» секциясы (Ф. Поповдун жетекчилигинде) тарбиялануучусу. Кыргызстан (4840 м, 5Б, «Буревестник» бүткүл союздук ыктыярдуу спорт коомунун борбордук кеңешинин чемпионатында 1-орун), Ленин чокусуна (7134 м), Таажы чокусунун 5-мунарасына (4860 м, 5А), Эркин Корея (4777 м, 5А) чокуларына чыгуунун катышуучусу, Скрябин (4753 м) — Двурогая (4814 м, 5Б) чокуларынын кыркаларын траверс ыкмасы менен басып өткөн.
Таажы чокусунун 1- жана 5-мунараларына (5Б), Эркин Корея чокусуна (Беззубкиндин маршруту, 6А, альплагерлер жана Орто Азия ыктыярдуу спорт коомунун чемпионатында 1-орун), Жигит чокусуна (5170 м, түндүк капталынын борбору боюнча, 6-т.к., Борбор Азиядагы Альпинизм жана комплекстүү спорттук даярдык чемпионатында 1-орун) чыгууларды жетектеген, «Скиф» экспедициясын Хан-Теңири чокусуна чыгууда жетектеген. 1985-жылы машина куруу техникумунда секция негиздеп, 1990-жылы бир нече 1-разряддагы альпинисттерди өстүрүп чыккан. СССР кулагандан кийин «Ала-Арча» альплагери 2011-жылы ишин жандандырып, В. Вакурин категориялык маршруттар боюнча адис катары эмгектене баштаган.