Мазмунга өтүү
Кыргыз альпинизм музейи
Александр Даничкин
Инсандар

Александр Даничкин

р. 1955

Александр Михайлович Даничкин — альпинизм боюнча СССРдин спорт чебери, нускоочу. Альпинизмге мектеп жашынан келген. «Политехник», андан кийин «Скиф» секцияларынын тарбиялануучусу. Радиожөндөөчү адис катары экспедицияларды «чоң жер» менен байланыштыруу үчүн бир нече чакан радиостанцияларды иштеп чыккан.

Татаал чокуларга: Таажы (4860 м) чокусунун I мунарасынан Байлян-Баши (4680 м, 5А) чокусуна, Скрябин (4753 м) чокусунан Двурогая (4814 м, 5Б) чокусуна чейин траверс ыкмасы менен басып өткөн, Кыргызстан чокусуна (4840 м, 5Б+1, «Буревестник» ыктыярдуу спорттук коому спорт борборунун чемпионатында I орун), Кавказда Жигит (5170 м, 6 к.т.) чокусуна категориялык чыгуунун жана башка көптөгөн чокуларга чыгуулардын катышуучусу. Ошондой эле, 1978-жылы Ленин чокусун (7134 м) жана 1988-жылы Хан-Теңири чокусун (6995 м, классикалык маршрут) багынткан. 1985-жылы Борбордук Тянь-Шандын көзөмөл-куткаруу пунктунун нускоочусу болуп иштеген. 1997-жылы «Kyrgyz travel» турфирмасын негиздеген.

Байланыштуу чокулар жана жерлер

Макалалар