Семён Дворниченко
1980–2018
Семён Владимирович Дворниченко — альпинист, скайраннер, КР альпинизм боюнча спорт чеберине талапкер. Тоого мектеп жашынан бери чыгып, ал эми альпинизм менен 1998-жылдан бери алектенген, «Политехник» секциясынын тарбиялануучусу (Александр Губаевдин жетекчилигинде). 2002-жылы акклиматизациясыз альпы стилинде Ленин чокусун багынткан. 2006-жылы Андрей Пучинин (Алматы) менен биргеликте Хан-Теңири чокусуна (базалык лагерден чокуга чейин 12 саат 30 м.) ылдамдык менен чыккан.
Бир нече жолу Эльбрус чокусуна (5642 м) ылдам чуркоого катышып, ал эми 2008-жылы «Red Fox Elbrus Race» фестивалында дүйнөлүк рекорд койгон (3800 метр бийиктиктен чокуга чейин 2 с. 58 м.). 2009-жылы өзүнүн рекордунан 15 мүнөткө (2 саат 43 м.) ашкан. Ленин чокусуна 4 жолу чуркап чыгууга катышкан: 2013-жылы I орун (5 с. 28 м.), 2014-жылы II орун (5 с. 56 м.), 2015-жылы I орун (6 с. 44 м.), 2016-жылы II орун (6 с. 52 м.).
«Кышкы ак илбирс» долбоорунун алкагында 2017-жылдын кышында Хан-Теңири (7010 м) жана Жеңиш (7439 м) чокуларына, андан соң түштүк эңкейиштеги (2018-ж.) жаңы маршрут боюнча Корженевская чокусуна (6А к.т.) чыккан. 2018-жылы Ленин чокусунан түшүп баратып каза болгон. Комсомолец чокусуна (4204 м) 1 саат 55 мүнөттө чуркап чыгуу боюнча рекорд жараткан.