Мазмунга өтүү
Кыргыз альпинизм музейи
Асель Байбагышева
Инсандар

Асель Байбагышева

р. 1971

Асель Райконовна Байбагышева — альпинизм боюнча КР спорт чебери, «Ак илбирс», Эверестти багындырган кыргызстандык айымдардын биринчиси. Альпинизм 2016-жылдан баштап алектенет. Ал эң алгач Мугалим чокусун (4530 м) багындырган. Жыл сайын өтүүчү «Red Fox Elbrus Race» фестивалынын алкагында 2019-жылы Эльбрус чокусуна (5642 м) көтөрүлгөн. Ошол эле жылы Ленин чокусун (7134 м) багындырган. 2020-жылы Белуха чокусуна кыш мезгилинде көтөрүлөт (4509 м, Алтай). 2021-жылы Хан-Теңири (6995 м) чокусуна чыгып, «Ак-Сай Трэвел» командасы менен тосмо аркан аркылуу байланышып жүрүп, бийик лагерлерди орнотуу боюнча иш алып барган. Ошол эле жылы Ленин чокусуна кайрадан көтөрүлөт.

2022-жылы ал биринчи жолу сегиз миң метр бийиктиктеги Манаслу (8163 м) чокусун багындырган. 2024-жылы аркан аркылуу байланышып иштеп, Хан-Теңири чокусунун алдында 6900 метр бийиктикте (чокуга чейин 95 м) 4 түн түнөгөн. Максаты чокуга чыгуу эмес, көтөрүлгөн жолу боюнча аркан илип чыгуу болчу. Андан кийин Жеңиш чокусун багындырат. 2025-жылдын май айында Эверест чокусуна (8848 м) чыгат. Асель Байбагышева жер шарынын эң бийик жерин багындырган кыргызстандык биринчи аял болуп калды. Ошол эле жылы жайында аркан аркылуу байланышып көтөрүлгөн команданын курамында Корженевская чокусуна (Озоди, 7105 м), андан соң Коммунизм чокусуна (Сомони, 7495 м) чыккан. Муну менен «Ак илбирс» наамына коюлган талаптар программасын аткарган.

Байланыштуу чокулар жана жерлер