Игорь Пухов
р. 1961
Игорь Александрович Пухов — көзөмөл-куткаруу пунктунун дарыгери, альпинизм жана тоо туризми боюнча I разряддын ээси, спелеолог, тоо туризми боюнча республикалык категориядагы калыс. Тоо туризминен баштап, кийин «Селмашевец» секциясына кирет (В. Денисовдун жетекчилигинде). Дарыгер катары жети миң метр бийиктиктеги Ленин, Хан-Теңири, Коммунизм, Жеңиш чокуларында куткаруу иштерине катышкан. 1987-жылдан тартып «Ала-Арча» көзөмөл-куткаруу пунктунун дарыгери.
1988-жылы Армениядагы жер титирөөдөн кийинки издөө-куткаруу иштерине куткаруучулар кошуунунун курамында катышып, «Эмгекте айырмалагандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Анын тоо куткаруу иштери эсепсиз. 1991–1996-жылдары КР ӨКМдин ыкчам чара көрүү кошуунунун дарыгери кызматын аркалаган. 2022-жылга чейин Кумтөрдө иштеген.