«Ош» альпинизм секциясы
18 июнь 2026
1947-жылы негизделген секция Ленин чокусун (1960), Корженевский чокусун (6005 м, 1963), Кызыл-Агын чокусун (6679 м, 1963) жана башка көптөгөн чокуларды багындырган.
Негизделген жылы: 1947
Уюштуруучусу: Боривой Маречек, Владимир Фрейфельд, Игорь Науменко
Жетишкендиктери
Ленин чокусун (1960), Корженевский чокусуна (6005 м, 1963), Кызыл-Агын чокусуна (6679 м, 1963) чыгып, башка көптөгөн чокуларды багындырып, Корженевский – Шахтер – Белецкий – Симонович чокуларын траверс ыкмасы менен басып өтүшкөн (траверстин эң бийик чокусу 6075 м, 1963). 1960-жылдары Ош секциясы өз алдынча үч секцияга бөлүнүп иш алып барган.
Негизги курамы
Боривой Маречек, Владимир Фрейфельд, Игорь Науменко, Александр Еропунов, Владимир Буряк, Павел Зайд, Анатолий Балинский, Эльвира Насонова, Г. Ахсанов, З. Сайдулаев, Розенберг, В. Литвинов, В. Ковалев жана башкалар.