«Спартак» альпинизм секциясы
25 июнь 2026
«Спартак» секциясы 1973-жылы негизделген. Ленин чокусуна түштүк тараптан чыккан, Жеңиш чокусун (1981), Коммунизм чокусун (1983) багындырган, Рапасов чокусуна (6814 м, 1988) биринчилерден болуп чыккан.
Негизделген жылы: 1973
Уюштуруучусу: Владимир Бирюков
Жетишкендиктери
Ленин чокусуна (1974, 1987) түштүк тараптан чыккан, 26 Баку комиссары чокусунан (6848 м) – Революция чокусуна (6940 м) чейин траверс ыкмасы менен басып өткөн (1976). Жеңиш чокусун (1981), Коммунизм чокусун (1983), Корженевская чокусун (1983) багындырган. Рапасов чокусуна (6814 м, 1988) жана башка чокуларга биринчилерден болуп чыгышкан. «Ак илбирс» наамына ченемдерди: В. Бирюков, Е. Слепухин, А. Онин, А. Новиков, А. Поташов, Н. Щетников, Д. Бочков, В. Капанин, Ю. Утешевдер аткарышкан.
Негизги курамы
Леван Алибегашвили, Е. Стрельцов, Ю. Шубина, В. Капанин, А. Новиков, А. Онин, В. Дуйко, А. Макаров, Е. Слепухин, Н. Щетников, Д. Бочков, Ю. Утешев, П. Шибков, В. Алабушев, В. Александров, А. Самохвалов, А. Поташов, Е. Горохов, Е. Черенков, С. Орлов, И. Терлецкая жана башкалар.
Инсандар