Владимир Самохвалов
1937–2019
Владимир Владимирович Самохвалов — альпинизм боюнча СССРдин спорт чебери, I категориядагы нускоочу. «Баксан» (Кавказ) альплагеринде окуудан өтүп, бүткүл союздук нускоочулар мектебин аяктаган. Бир нече чокуларды, анын ичинде Жети-Өгүз тоо кыркаларын траверс ыкмасы менен басып өткөн (5168 м, 5Б), Жигит (5170, 5Б), Ленин (7134 м), Батыш Жеңиш (6918 м), Жеңиш (7439 м) чокуларын багындырган.
1964-жылдан бери түрдүү райондордо жана «Безенги», «Алибек», «Ала-Арча», «Бийиктик», «Ала-Тоо», «Туюк-Суу» сыяктуу алплагерлерде машыктыруучу, экспедиция жана куткаруу кошуундарынын башчысы болуп иштеген. Бүткүл союздук ыктыярдуу спорттук профсоюздар коомунун тапшырмасы боюнча тик учак менен аз изилденген Кыргыз-Ата тоо массивин сүрөткө тартып чыккан (фотограф И. Каравашкин). 1983–1986-жылдары «Ала-Арча» альплагеринин директору кызматын аркалаган.