Жети-Өгүз
2 200 м
1936-жылдын 5-августу – Кыргызстанда альпинизмдин негизделиши. 5 адамдан турган биринчи топ (В. Рацек, К. Байгазинов, И. Оксенич, А. Чайбеков, Титаренко) М. Погребецкийдин жетекчилиги алдында Жети-Өгүздөгү альпинизм мектебине жөнөтүлгөн. Кийин алар Кыргыз ССРиндеги биринчи альпинизм инструкторлору болуп калышкан. К. Байгазинов «СССР альпинисти» төш белгисинин биринчи ээси болгон.