Инсандар
Эдуард Кубатов
р. 1972
Эдуард Джумакадырович Кубатов — 2022-жылдан бери Кыргызстандын Альпинизм жана спорттук альпинизм федерациясынын президенти, КР Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору. Альпинизм менен 2014-жылдан баштап алектенет. 2014-жылы Ленин чокусун багындырат (Ибн Сина, 7134 м). 2021-жылдан 2025-жылга чейин Эверест (8848 м), Манаслу (8163 м), Лхоце (8516 м), Макалу (8485 м), Аннапурна (8091 м), К2 (8611 м) чокуларына чыккан. Анын эсебинде бийиктиктерди багынтуулардын саны арбын, алсак Хан-Теңири (6995 м), Ама-Даблам (6812 м), Аконкагуа (6962 м), Эльбрус (5642 м), Килиманджаро (5895 м) жана башка чокуларга чыккан.