Инсандар
Екатерина Андреева
р. 1987
Екатерина Михайловна Андреева — альпинизм боюнча спорт чеберине талапкер, аскага чыгуу боюнча спорт чеберине талапкер, ат спорту боюнча спорт чеберине талапкер. «Манас» секциясынын тарбиялануучусу (Н. Гутниктин жетекчилигинде), ал жабылгандан кийин «Скиф-Политехникке» өтөт. 2007-жылы Ленин чокусуна (7134 м), 2009-жылы мрамор кыркасы боюнча Хан-Теңири чокусуна көтөрүлгөн. Аялдар арасында Эльбрус чокусуна чуркап чыгуу боюнча рекорд койгон (3780 м бийиктиктен чокуга чейин 3 саат 33 мүнөттө).