Владимир Комиссаров
р. 1951
Владимир Анатольевич Комиссаров (1951) — альпинизм боюнча СССРдин спорт чеберлигине талапкер, «Снежный Барс», I категориядагы инструктор-методист, Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти (1994–1998), Кыргыз республикалык альпинисттик клубунун президенти (1998-жылдан тартып). Альпинизмде 1967-жылдан тартып. «Политехник» секциясынын тарбиялануучусу, бирок 1975-жылдан тартып «Спартак» секциясында болгон. Диссертация коргоп, геология боюнча 72 илимий эмгек жарыялаган. Хан-Теңириге (6995 м) 7 жолу, Ленин чокусуна (7134 м) 3 жолу, Корженевская (7105 м), Жеңиш (7439 м) жана Коммунизм (Сомони, 7495 м) чокуларына бир жолудан чыккан.
1994-жылы Кыргызстандын тоо гиддер ассоциациясы (КТГА) катталган, 1996-жылы «Тоолордогу куткаруу» коомдук фондун түзгөн. 2007-жылы Кыргызстандын тоо гиддер институтун түзүү боюнча биргелешкен Кыргыз-Швейцариялык тоо долбоору башталган. Долбоордун жетекчилери — Адольф Шлунеггер (Швейцария) жана Владимир Комиссаров (Кыргызстан).