Мазмунга өтүү
Кыргыз альпинизм музейи
Владимир Аксёнов
Инсандар

Владимир Аксёнов

Владимир Алексеевич Аксёнов — СССРдин альпинизм боюнча спорт чебери, Кыргыз ССРиндеги өнөр жай альпинизминин негиздөөчүлөрүнүн бири. А. Романовдун командасынын курамында 1960-жылы Ленин чокусуна чыккан алгачкы кыргызстандыктардын бири болгон. Ленин атындагы заводдун альпинизм секциясынын түзүүчүсү, Ала-Арча альплагеринин окуу бөлүмүнүн начальниги (1962–1963). Владимир Буряк менен бирге Ала-Арча райондогу бардык чокулардын жана маршруттардын схемаларын жана сүрөттөмөлөрүн даярдаган.

Аскага чыгуучу прораб катары Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Камбар-Ата ГЭСтерин курууга катышкан. Каракол чокусуна (5280 м) түндүк-чыгыш контрфорсу боюнча биринчи чыгууга катышкан (1965-жыл) – СССР чемпионатында төртүнчү орун.

Байланыштуу чокулар жана жерлер

Макалалар