«Снежный Барс» наамы
07 июнь 2026
1967-жылдын 12-октябрында «Снежный Барс» наамы негизделген.
1967-жылдын 12-октябрында «Снежный Барс» наамы негизделген. Анын расмий аталышы: «СССРдин эң бийик тоолорун багындыруучу» болгон. 1990-жылга чейин зачетко бийиктиги 7000 метрден жогору болгон 4 чоку кабыл алынган. Хан-Теңири бул тизмеге кирген эмес. 1990-жылдан тартып «Снежный Барс» наамы үчүн эң бийик тоолордун тизмесине Хан-Теңири кошулган. Ар бир төш белгиге жеке номер бекитилген. «Снежный Барс» № 1 советтик альпинист, эмгек сиңирген спорт чебери Евгений Иванов болгон.
1972-жылы Кыргыз ССРинен үч альпинист дароо «Снежный Барс» наамынын нормативин аткарган: Е. Стрельцов, В. Кочетов, А. Балинский.