Инсандар
Александр Шваб
р. 1948
Александр Евгеньевич Шваб — альпинизм боюнча СССРдин спорт чебери, нускоочу. Иркутск шаарынан келип, Фрунзе шаарында калып, «Ала-Арча» альплагеринде көзөмөл-куткаруу пунктунун улук нускоочусу болуп эмгектенген. Ак-Сайдагы чокуларга чыгуулардын көбүн, анын ичинде жаңы багыттар боюнча дагы чокуга чыгууларды Александр Гайсин менен биргеликте жүзөгө ашырган.
Швабдын каттамдары: Байлян-Баши — 5Б, Таажы чокусунун 6-мунарасы — 5Б, Байчечекей — 5А, Эркин Корея — 5Б. Нускоочу катары көптөгөн куткаруу иштерине катышкан. Андан кийин Ош шаарында көзөмөл-куткаруу пунктнун башчысы болуп иштеген. СССР кулагандан кийин Швейцарияга көчүп кеткен.
Байланыштуу чокулар жана жерлер