Азим Айтбаев
р. 1929
Азим Айтбаевич Айтбаев — альпинизм боюнча СССР спорт чеберине талапкер, «Ала-Арча» альплагеринин көзөмөл-куткаруу пунктнун башчысы. Пржевальск альпинизм секциясынын тарбиялануучусу. Альпинизм менен 1946-жылдан баштап алектенет. «Ала-Арча» альплагеринде спорттук квалификацияны жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруучулардын бири.
5-татаалдык категориясына чейинки чокуларга (ошол кездеги эң жогорку) катышкан, анын ичинде Кара Шпиль чокусуна алгачкылардан болуп чыккан (4315 м, 3Б т.к.), түндүк кырка боюнча Бокс чокусуна (4298 м, 4А), батыш кырка боюнча Талгар чокусуна (4979 м, 5Б) биринчилерден болуп чыккан жана башка чокуларды багынткан. 1957-жылы Усеченка чокусун (4759 м, 4А) биринчилерден болуп багынтууну максат кылган альпиниадада куткаруу кошуунун жетектеген.