Мазмунга өтүү
Кыргыз альпинизм музейи
Дмитрий Бочков
Инсандар

Дмитрий Бочков

р. 1948

Дмитрий Сергеевич Бочков — альпинизм боюнча СССРдин спорт чеберине талапкер, нускоочу, «Ак илбирс». 1968-жылдан баштап альпинизм менен алектенет. 1974-жылдан СССР кулаганга чейин альпинист катары Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн. «Спартак» (В. Бирюковдун жетекчилигинде) секциясына кирген. 1987-жылы «Ак илбирс» программасын аяктайт. «Спартак» бүткүл союздук ыктыярдуу спорт коомунун борбордук кеңешинин биринчилигине катышып, Передовой — 26 Баку комиссары — Революция (5Б) чокуларынын кыркаларын траверс ыкмасы менен басып өткөндүгү үчүн 1-орунга ээ болгон. Ал 5-татаалдык категориясында 15 жолу чокуларды багындырган. СССР кулагандан кийин Дхаулагири (8167 м), Музтаг-Ата (7546 м), Эверест (8848 м) чокуларына көтөрүлгөн.