Инсандар
Иван Евтушенко
1933–2008
Иван Ильич Евтушенко («Чоң ата») — тоо туризми боюнча СССРдин спорт чебери, фотосүрөтчү. 1963-жылы команда менен Кегети капчыгайынан Ысык-Атага чейинки Кыргыз Ала-Тоо кыркасын траверс ыкмасы менен басып өткөн. 70-80-жылдары Кыргыз ССРнин тоо туризми боюнча маршруттук-квалификациялык комиссиясынын мүчөсү болгон. 59 жашында Лоу (5А) багыты боюнча Эркин Корея (4777 м) чокусун багындырган. Көптөгөн жөө жүрүштөрдү жана чокуларга чыгууларды жалгыз жүзөгө ашырган.
Чоң көлөмдөгү фото-сүрөттөрдүн сериясы үчүн атак-даңкка ээ болгон. «Чоң атанын» сүрөттөрүнө дүйнөнүн ар кайсы бурчунан кесипкөй адистер жогору баа беришкен.