Леонид Дядюченко
1934–2005
Леонид Борисович Дядюченко — альпинист, СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун, Кыргыз ССРинин Кинематографисттер союзунун мүчөсү, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Леониддин бир тууган иниси Андрей «Илим» ыктыярдуу спорт коому клубун түзүп, ал жакка Афанасий Шубинди нускоочу катары чакырган. Бул секциянын курамында Андрей Ала-Арчадагы алгачкы жүрүштөрдүн: Скрябин (4753 м), Семенов Тянь-Шанский (4895 м) чокуларына чыгуулардын катышуучусу болгон.
Билими боюнча геолог Леонид Кыргызстандын ар кайсы бурчтарында геологиялык экспедицияларда болуп, бийик тоолорго чыгууларга катышкан. Тоолор тууралуу «Жеңиш, ал кандай?», «Артка жол болбойт», «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар», «Жооп күткүлө» жана башка китептердин автору. Ошондой эле, Леонид көркөм жана даректүү тасмалардын сценаристи, «Кыргызфильм» киностудиясынын редактору, «Советтик Кыргызстан» гезитинин кабарчысы жана «Литературный Кыргызстан» журналынын кызматкери болгон. Бардык альпинисттердин досу Леонид өзүн тоолорго жеке альпинизм менен гана эмес, ыр жана проза менен да арнаган.