Инсандар
Керим Актаев
р. 1976
Керим Серикович Актаев — «Ак илбирс», КР Альпинизм жана спорттук аскага чыгуу федерациясынын башкы катчысы, ок атуу боюнча I разряддын ээси. «Политехник» секциясынын тарбиялануучусу. 2011-жылы «Ак илбирс» программасын бүтүрүп, аны менен кошо классикалык эмес каттам боюнча Хан-Теңири чокусуна чыккан (Романовдун «мрамор кыркасы боюнча» каттамы, 5Б). 2024-жылдан баштап КР ӨКМдин «Эдельвейс» кошуунунун тоо даярдыгы боюнча нускоочусу.